Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Кайтарылуучу алым

КАЙТАРЫЛУУЧУ АЛЫМ – 1) мурда алынып келген товарларды иштетүүнүн натыйжасында алынган, даяр продукцияны ташып чыгууда төлөөчүгө кайтарылып берилүүгө жаткан импорттук алымдардын кошундусу; улуттук мыйзамдар менен жөнгө салынат жана м.: атамекендик чийки затты, материалдарды чет өлкөлүк окшош нерселерге алмашуунун негиздүүлүгүнө жараша өзгөрүп турат; 2) тарифтик жеңилдиктердин, преференциялардын түрү; КР бажы аймактарына ташылып келген жана/же андан КР мыйзамдарында белгиленген тийешелүү тартиптердин алкагында бажы көзөмөлү астында убактылуу ташылып чыккан товарларга карата; КР бажы аймагына чет өлкөлүк инвестициялары бар жана чет өлкөлүк ишканалары бар уюмдарына уставдык капиталына салым катары киргизилген, ошондой эле ошол ишканалар тарабынан өздүк өндүрүшүнүн товарларынын айрым түрлөрү катары продукцияларды бөлүү жөнүндө эларалык макулдашууларда каралган учурларда же чет элдик инвестицияларды өздөштүрүү мезгилинде чыгарылган; катышуучусу КР болуп эсептелген өкмөттөр аралык макулдашууларга ылайык чет өлкөлөрдө инвестициялык кызматташтык объектерин куруу үчүн комплекстүү берүүлөрдүн курамында чыгарылуучу; КР мыйзам актыларына ылайык аныкталуучу мамлекеттик муктаждыктар үчүн экспортко берүү көлөмүнүн чегинде КР бажы аймагынан чыгарылуучу товарларга карата берилет.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: